биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Р. Касымовдун Sputnik Кыргызстан радиосуна берген толук интервьюсу


КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Р. Касымовдун Sputnik Кыргызстан радиосуна берген толук интервьюсу
_____________________________________

Келе жаткан аялдардын кыргыз-россиялык бизнес-форуму, айымдар бизнесинин туруктуулугу ж.б. тууралуу.

"Мезгил өткөн сайын ишкерликте аялдар басымдуулук кыла баштады. Буга коомчулуктун да көз карашы өзгөрүп, бир эле бизде эмес, алкак, Россияда да ишкер аялдарга болгон түрдүү мамлекеттик колдоолор бар.
Кыргызстанда аялдар көбүнесе тигүүчүлүк тармагында башка өлкөлөрдөн ири тапшырыктарды алып ушул багытта иштөө менен алектенишет. Муну биз былтыр октябрь айында Кыргызстандын аялдар конгресси жана Соода өнөр-жай палатасы менен биргеликте өткөргөн биринчи бизнес-форумда байкаганбыз. Мартта да ушул эле багыттытереңдетип, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен да тигүүчүлүк багытта бизнес жасаган аялдарды чакырып жатабыз.

Коронакризис учурунда так ушул аялдар жүргүзгөн бизнес түрлөрү туруктуулугун көрсөтүп, бат калыбына келип жана айрымдары дээрлик чыгымга учурабай иштеп кете алышты. Мындан улам биз өлкөдө ишкерлик жүргүзүүдө аялдарды колдошубуз керек деген тыянакка келдик", — деди Касымов.




Бардык маалыматтарга кайрылуу