биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик телеканалы Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону жөнүндө атайын репортаж жасады


Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик телеканалы Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону жөнүндө жетинчи ирет атайын репортаж жасады
________________________________

 Abu Dhabi Media ири медиа тобунун курамына кирген Аbu Dhabi TV телеканалынын журналисттери ата мекендик экспозициясына кечээ, 2022-жылдын 19-январында келип кетишти. 
Бул репортаж Кыргызстан Expo-2020 иш-чарасына катышкандан бери жетинчиси болуп калды.

 

Корреспонденттер БАЭнин кеңири аудиториясын павильондун ички контенти менен тааныштырды:  интерактивдүү боз үй, улуттук тамак-ашты чагылдырган мультимедиялык стөл,  Кыргызстандын жаңы картасы, заманбап техниканы колдонуу менен элдик чыгармаларды аткаруунун музыкалдык проекциясы ж.б.

Репортаж учурунда журналисттер эки ирет студия менен түз эфирге чыгып, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк көргөзмөгө катышуу концепциясы тууралуу айтып беришип, бал продукциясына көңүл бурушту. Мындан тышкары, Кыргызстандын уникалдуу табиятына өзүнчө токтоло кетишип, өлкөнү көрүп кетүүгө сунушташты.

 

Буга чейин 2022-ж. 12-январында Expo-2020нын алкагында Кыргызстан павильонуна Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдалла бен Тоук Аль Марри баш болгон делегация келип кеткен. Өкмөт мүчөсү бал продукциясынын БАЭнин рыногуна чыгуу потенциалын белгилеп кеткен болчу.

Эске салсак, Кыргызстанда Кыргыз-Эмират Ишкердүүлүк Кеңешин түзүү пландалууда. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана БАЭнин Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясы ортосунда бекитилген Өз ара түшүнүшүү Меморандумунда айтылат.

Бардык маалыматтарга кайрылуу