биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте Ирандын Соода үйү ачылып, жайында мамлекеттик деңгээлде көргөзмө өтөт


Кыргыз-Иран кызматташтыгынын өркүндөө багыты – жазында Бишкекте Ирандын Соода үйү ачылып, жайында мамлекеттик деңгээлде көргөзмө өтөт
___________________________________


Кечээ, 2022-ж. 25-январда КРнын Соода-өнөр жай палатасында ага вице-президент Роман Касымовдун Иран Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин Биринчи кеңешчиси Таги Ростамиян менен жолугушуусу өттү.

Анын алкагында эки тарап соода-экономикалык кызматташууну андан ары бекемдөө жана эки өлкө жеке ишкерлери үчүн шарттарды түзүү багытында ой-пикир менен алмашты.


Буга бир мисалы катары Кыргызстан жана Иран Палаталары алдында жакында түзүлгөн Биргелешкен бизнес-комитеттин потенциалы талкууланды.

Жолугушуунун өзөктүү темаларынын бири март айында Бишкекте Ирандын Соода үйүн ачуу жана Ирандын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга келүү шарттары болуп калды.

Ал эми быйыл июнда «Kyrgyzstan – Iran 2022» мамлекеттик деңгээлдеги көргөзмө өтүшү пландалууда. Аны КРнын Соода-өнөр жай палатысынын “Кыргызэкспоборбору” уюштурмакчы.

Бардык маалыматтарга кайрылуу