Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 2022 -ж. 28-январда Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү.
Бүгүн, 2022 -ж. 28-январда Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү
___________________________
Иш-чарага КРнын инвестиция министринин м.а. Нурадил Баясов, КРнын Азербайжан Республикасындагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжан Республикасынын КРдагы элчиси Латиф Гандилов, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Б. Мухамедзиев жана бизенс-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тартууланып, соңунда ишкерлер ортосунда В2В жана В2G жолугушуулар өттү. Анын жүрүшүндө эки тарап кызматташууну түздөн-түз алкуулай алышты.

Азербайжан Республикасынын инвестициялар, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана агрардык иликтөөлөр жаатындагы мамлекеттик органдардын башчыларынан турган эксперттик топту өлкөнүн экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеди.
Бардык маалыматтарга кайрылуу