Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода- өнөр жай палатасына дагы 43 компания кошулду, алардын бири чет элдик
КРнын Соода- өнөр жай палатасына дагы 43 компания кошулду, алардын бири чет элдик
_______________________
Мүчөлүк тууралуу күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу бүгүн, 11-февралда Палатанын кезектеги Президиумунда өттү.

Бул жаңы келген мүчөлөрдүн жаңырган жылдагы алгачкы агымы болуп калды. Алардын басымдуусу түштүк облустардан, тогузоо Бишкекте катталса, дагы бирөө түркиялык компания.

Компаниялар ишкердүүлүгүн жүргүзгөн багыттар: баалуу металлдарды казуу жана байытуу (алтын, жез ж.б.), туризм, мейманкана кызматтары, кайра иштетүү, тигүү продукциясы, соода, транспорттук логистика, бал өндүрүү, агрардык сектор, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу ж.б.


Иш-чаранын жүрүшүндө компаниялардын өкүлдөрү ишмердүүлүгү менен таныштырып, Президиумдун мүчолөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп беришти жана жемиштүү кызматташууга дилгирлигин билдиришти.



Бардык маалыматтарга кайрылуу