биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Дубайда өтүп жаткан Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын өздүк багы пайда болду


Дубайда өтүп жаткан Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын өздүк багы пайда болду
__________________________

 

БАЭнин Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министрлиги Expo 2020 Dubai менен кызматташтыкта 2022-ж. 12-февралда Улуттук айлана-чөйрө күнүнө карата көчөттөрдү отургузуу боюнча иш-чара уюштуруп, ага өлкө-катышуучулардын павильондорунун өкүлдөрү катышты.   

Акция климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн алкагында абага көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн бак-шактарды отургузуунун маанилүүлүгүн белгилөөгө арналды. Министрлик катышуучулар арасында көчөттөрдү бөлүштүрүп, андан соң ар бир мамлекет аларды  Expo 2020 Dubai өсүмдүктөр питомнигинде отургузушту.

  

Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министри Мариам бинт Мохаммед Альмхейринин айтымында, акыркы 50 жылда айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын жана био көп түрдүүлүктү сактоо БАЭнин бирден бир стратегиялык приоритеттеринин бири болчу жана мындан ары да боло берет. Бул иш-чарада өлкөлөрдү бириктирүү менен бактарды отургузуу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн эң жөнөкөй, бирок эффективдүү чарасы экени көрсөтулүүдө.

 

Өз кезегинде эл аралык кызматташуу боюнча мамлекеттик министр жана Expo 2020 Dubai иш-чарасынын башкы директору Рим бинт Эбрахим Аль-Хашеми айтып өткөндөй: «Бүгүн биз жөн гана көчөттөрдү отургузуп жаткан жокпуз. Бул көчөттөр – климаттык көйгөйлөргө кабылып жаткан дүйнөгө кыйкырык жана бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга салым кошуу үчүн ЭКСПОнун катышуучу-мамлекеттери, коноктору менен кызматташууга мүмкүнчүлүк”. 

 

БАЭ 25-чи Улуттук айлана-чөйрө күнүн 2022-ж. 4-февралда белгилеп, анын урматына уюштурулуучу иш-чаралар 4 ай бою – 5-июнда белгиленүүчү Дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнө чейин созулат.


Бардык маалыматтарга кайрылуу