Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасында кыргызстандык ишкерлер менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү
КРнын Соода-өнөр жай палатасында кыргызстандык ишкерлер менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү
_________________________
Иш-чара бүгүн, 2022-ж. 21-февралда уюштурулду.
Делегациянын курамында 13 компаниянын өкүлдөрү келген. Алар экономиканын ар кайсыл тармактарынан: текстиль, энергетика, мейманкана бизнеси жана туризм, айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы, сулуулук индустриясы, курулуш ж.б.



Делегацияны КРнын СӨПнүн ага вице-президенти Р. Касымов кабыл алды. Анын айтымында, аталган жолугушуу алгачкысы болуп эсептелет жана эки тарап кызматташууда өзгөчө көңүлдү туризм, текстиль өнөр-жайы жана инвестициялар жаатына буруусу оң.
Иш-чаранын акырында кыргызстандык жана пакистандык жеке ишкерлер В2В жолугушуу өткөрүшүп, кызматташуунун жагдайларын талкуулап алышты. Мындан тышкары, андан аркы сүйлөшүүлөр үчүн байланыш жолдорун макулдашты.
Бардык маалыматтарга кайрылуу