Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бурса (Түркия) Кыргызстандын рыногун жана соода-экономикалык кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кылдат изилдөөдө
Бурса (Түркия) Кыргызстандын рыногун жана соода-экономикалык кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кылдат изилдөөдө
_________________________
Дал ушул максат менен бүгүн, 2022-ж. 2-мартта КРнын Соода-өнөр жай палатасына КРнын Бурса шаарындагы Ардактуу консулу Билал Тутуш баштаган түркиялык ишкерлердин делегациясы келди.

Ардактуу консул КРнын СӨПнүн президенти М. Шаршекеевди жылуу тосуп алганы жана кызмтаташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Бурса шаарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Анын айтымында, Бурса текстиль өнөр-жайы, курулуш, даяр кийим-кече өндүрүү (Zara, H&M бренддеринин жылына 200 миңге чейинки жынсылар продукциясы), электрондук товарлар, автоунаа өндүрүүдө алдыңкы түркиялык шаар болуп эсептелет.
Өз кезегинде КРнын СӨПнүн президенти М. Шаршекеев текстиль өнөр-жайын эң перспективдүү багыттардын бири катары баалап, Кыргызстанда биргелешкен ассоциацияларды жана ишканаларды ачууну сунуштады. Мындан тышкары, ал Кыргызстандын ЕАЭБ жана ДСУнун мүчөсү катары бир катар жеңилдиктерге ээ экенин жана биргелешкен ишканалардын продукциясын сатууга чоң рынок ачыла турганын кошумчалады.
Анын сыңары, бүгүнкү күндө КРнын СӨПү ар кандай долбоорлорду, мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн Ташкент, Тюмень, Казан шаарларындагы иш-чараларга катышканы жатат. Алыскы Чыгышка да сапар пландалууда.
Мындан тышкары, Түркия Эркин Экономикалык Аймакты түзүүнү жана турак-жайларды куруу мүмкүнчүлүгүн караштырса болот, - деп байкады М.Шаршекеев.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар кызматташууну өркүндөтүү үчүн маалымат алмашууга жана Бурса шаарынын Соода-өнөр жай палатасы менен тиешелүү меморандум бекитүү багытында иштөөгө макулдашты.
Бардык маалыматтарга кайрылуу