Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Expo-2020 көргөзмөсүндө кыргызстандык жана араб жеке ишкерлеринин бизнес-жолугушуусу өттү
Expo-2020 көргөзмөсүндө кыргызстандык жана араб жеке ишкерлеринин бизнес-жолугушуусу өттү
_______________________
Иш-чара бүгүн, 2022-ж. 3-мартында КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан, КРнын БАЭдеги Элчилиги жана КРнын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
КРнын СӨПнүн чакыруусу менен жолугушууга, ошондой эле, БАЭнин Соода-өнөр жай палаталарынын Башкы катчысы Хумейд Бен Салем баш болуп, 7 эмираттын СӨПтөрүнүн жетекчилери катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө тамак-аш жана жеңил өнөр-жайы, айыл-чарба, фармацевтика, туризм сыяктуу тармактардан Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү БАЭнин эң ири соода-чекене тармактарынын бири болгон «LuLu Group International” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Иш-чара формалдуу эмес чөйрөдө өтүп, ар бир компания өзүнүн продукциясын тартуулап, үлгүлөрүн тарата алды. Мындан тышкары, соода тармактын өкүлдөрү менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду.


Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Хумейд Бен Салем кыргызстандык компанияларга алардын продукциясын жергиликтүү рынокто жылдырууга көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, БАЭнин СӨПтөрүнүн Башкы катчысы КРнын СӨПү эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн сунуштаган демилгелерин колдой турганын белгиледи.
Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты – ата мекендик компаниялардын арабиялык ири соода тармак менен кызматташуусун жөнгө салууга алгачкы кадамдарды таштоо, чекене тармактын талаптарын иликтөө жана БАЭнин Палаталарынын жетекчилеринен практикалык кеп-кеңештерди алуу болду.
Жолугушуу “Ак-Сай Трэвел” компаниясынан Кыргызстандын туристтик потенциалын тартуулоо менен көшөгөсүн жапты.
Бардык маалыматтарга кайрылуу