биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бизнес-билим берүү борбору (БББ) Германияга стажировкага арыздарды кабыл алууда


КРнын Соода - өнөр жай палатасынын Бизнес-билим берүү борбору (БББ) Германияга стажировкага арыздарды кабыл алууда!
________________________

 

КРнын СӨПү менен Федералдык экономика жана климатты коргоо министрлигинин “Fit for Partnership with Germany” биргелешкен программасы - бул:
 
  • 10 жумалык стажировка, анын ичинде 2 жума Германияда
  • Немистик ишканалардын алдыңкы тажрыйбасы менен таанышуу
  • Чет элдик жеке ишкерлер менен түздөн-түз байланышуу
  • В2В жолугушуулар
  • Эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлчүгү
  • Өздүк бизнестин атаандаштыгын күчөтүү
  • Шык-жөндөмдөрдү өркүндөтүү
  • Программанын 21 мамлекеттен 15 000 бүтүрүүчүлөрү менен өз ара аракеттенүү
 
Арыздар 2022-ж. 20-мартына чейин кабыл алынат.


 
Тандоого катышуу үчүн талаптар:
 
  • Жогорку билим
  • Ишканада башкаруучулуктун жана кесипкөйлүктүн эң кеминде 2 жылдык тажрыйба
  • Эң кеминде 5 жылдык стаж
  • Талапкер немистик компаниялар менен кызматташууну жөнгө салууга кызыктар болгон ишканадан болушу шарт
  • Талапкердин бизнес-долбоорлор боюнча так, даана идеялары болушу керек
  • Орус жана/же англис тилдеринде эркин сүйлөй билүүсү (эки топ болот)
  • Жогорку коммуникативдик жана тартуулай билүү жөндөмдүүлүк
 
Программанын мүнөздөмөсү:
 
  • Таанышуу этабы – 2 жума
  • Окутуу этабы – 8 жума
  • Анын ичинде:
  • Онлайн окутуу – 6 жума
  • Германияда болуу – 2 жума
  • Ишке ашыруу этабы – 6 ай
 


Талаптарга төп келгендер гана онлайн режимде өтүүчү оозеки маектешүүгө чакырылат.
Тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтер баштыгын алуу үчүн managerprogrammkg@gmail.com почта дарегине жазыңыздар (каттын темасына толук аты-жөнүңүздү жана “Германияда стажировка” деп баш сабын жазыңыздар).
 
Кошумча суроолор боюнча 0312 90 15 20, 0770 880 818 телефон номурларына чалыңыздар (Чолпон – КРда Программанын координатору).


Бардык маалыматтарга кайрылуу