Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» алкагында Бизнес-акыйкатчы Институту жеке ишкерлер үчүн акысыз консультацияларды өткөрөт.
«Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» алкагында Бизнес-акыйкатчы Институту жеке ишкерлер үчүн акысыз консультацияларды өткөрөт
____________________
Маалыматтык сессиянын темасы: «Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы”. Өтө турган күнү – 24-март (Эл аралык көргөзмө-жарманкенин экинчи күнүндө).

Мамлекеттик органдар тараптан жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу боюнча акысыз кеп-кеңешти бардык каалоочулар ала алат.
Сессия «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» көргөзмө-жарманке өтө турган дарек боюнча уюштурулат: Бишкек ш., Чолпон-Ата көч.2, “Аю Гранд” СБ (Горький көч. менен кесилиште).
Сессия «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» көргөзмө-жарманке өтө турган дарек боюнча уюштурулат: Бишкек ш., Чолпон-Ата көч.2, “Аю Гранд” СБ (Горький көч. менен кесилиште).
Эске салсак, ири эл аралык «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» көргөзмө-жарманке КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен 2022-ж. 23-мартынан 1-апрелине дейре уюштурулат. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттери катышат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу