биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Албаниянын Өзгөчө жана Толук ыйгарымдуу Өкүлү Кастриот Робо менен СӨПтүн президенти Марат Шаршекеевдин жолугушуусу


КРнын Соода-өнөр жай палатасында Албаниянын Өзгөчө жана Толук ыйгарымдуу Өкүлү Кастриот Робо менен СӨПтүн президенти Марат Шаршекеевдин жолугушуусу өттү
_______________________

 

Иш-чара бүгүн, 2022-ж. 14-мартында болду.

 

 
Анын алкагында К. Робо белгилеп кеткендей, жолугушуунун башкы максаты – КРнын СӨПү менен андан аркы тыгыз кызматташууну өркүндөтүү үчүн көпүрө таштоо. Элчинин айтымында, бүгүнкү күндө Албания менен Кырызстан ортосунда соода-экономикалык өз ара аракеттенүү талаптагыдай деңгээлде эмес жана аны күчөтүү зарыл.

 

 
Маселен, К. Робо кыргызстандык жеке ишкерлердин көңүлүн Албанияга этти жана кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоого бурууну сунуштады. Мындан тышкары, туристтик багыттарды өнүктүрүүгө болот, анда дагы эки тарапка, - деди Элчи.
 
Жолугушуунун жыйынтыгы менен КРнын Соода-өнөр жай палатасы аркылуу ата мекендик бизнес-чөйрө менен байланышты орнотуу жана Албаниянын региондорундагы СӨПтөрү менен, анын ичинде Тиран шаарындагы Башкы Кеңсеси менен байланышты жөнгө салууну баштоо макулдаштылды.


 


Бардык маалыматтарга кайрылуу