биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын БАЭдеги Элчиси Абдилатиф Жумабаев Дубайдагы телеканалга Кыргызстандын Expo-2020 павильону тууралуу маек курду


КРнын БАЭдеги Элчиси Абдилатиф Жумабаев Дубайдагы телеканалга Кыргызстандын Expo-2020 павильону тууралуу маек курду
____________________

 
Dubai TV телеканалынын “ЭКСПО таңкы шоу” берүүсүнүн түз эфиринде интервью 12-мартта орун алды.
 
Анын жүрүшүндө Абдилатиф Жумабаев Кыргызстан павильонунун негизги идеясы жана концепциясы, ошондой эле, өлкөнүн туристтик потенциалы, тарыхы жана каада-салты тууралуу айтып берди. 




 
Интервьюдан тышкары Dubai TVнын командасы атайын репортаж жасап, телекөрүүчүлөргө ата мекендик экспозицияны түздөн-түз көрсөттү. Кабарчылар өзгөчө көңүлдү республиканын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө бурду.
 
Мындан тышкары, шоу-программанын катышуучулары Бириккен Араб Эмирлиги менен Кыргызстан ортосундагы экономика жана инвестицияларды тартуу жаатында мамилелерин талкуулашты.
 
Эске салсак, буга чейин 19-январда Кыргызстан павильонун Бириккен Араб Эмирлигинин Аbu Dhabi TV мамлекеттик телеканалы жетинчи ирет тартып кеткен.

Бардык маалыматтарга кайрылуу