биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 2022-ж. 16-мартында КРнын Соода-өнөр жай палатасында эки чет өлкөлүк элчилерди кабыл алуу өттү.


Бүгүн, 2022-ж. 16-мартында КРнын Соода-өнөр жай палатасында эки чет өлкөлүк элчилерди кабыл алуу өттү
__________________

Биринчилерден болуп СӨПтүн президенти Марат Шаршекеев Гана Республикасынын Чукул жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Эрик Овусу-Боатенганы тосуп алды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Палатанын башчысы эки тараптуу кызматташуунун потенциалдуу тармактарына көз чаптырды. Анын ичинде, Кыргызстан эң эле активдүү текстиль жана тоо-кен өнөр-жайы, мал багуучулук, агро өнөр-жайы, бөтөлкөлөнгөн сууну өндүрүүдө өнүгүп жатканы белгиленди.

 

 Өз кезегинде Гананын Элчиси алтын казуу жана пахта өндүрүү жааттарына көңүл бурду. Мындан тышкары, Эрик Овусу-Боатенга КРнын СӨПу уюштуруп жаткан көргөзмө-жарманкелерге кызыгуусун артып, кененирээк маалымат берүүнү суранды.


Тараптар, ошондой эле, товарларды жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Андан соң СӨПтүн президенти Доминикана Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Франк Ханс Данненберг Кастелльяносту кабыл алды.

 

Жолугушууда кыргыз тарап биргелешкен ишканаларды тузүп, Кыргызстандан продукцияны ЕАЭБдин 185 млн. керектөөчулөрү бар рыногуна сатууну сунуштады.

Өз жагынан Доиминикана Республикасынын Элчиси Кыргызстанга спирт ичимдиктерин экспорттоону жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлугүн белгилеп өттү.

 

Кошумчаласак, эки өлкөнүн элчилери менен жолугушууларынын жыйынтыгында кызматташуу боюнча меморандум түзүү макулдашуусу жетишилди.  

Бардык маалыматтарга кайрылуу