биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” эл аралык көргөзмө-жарманкеси салтанаттуу ачылды


Бишкекте “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” эл аралык көргөзмө-жарманкеси салтанаттуу ачылды
____________________

Иш-чара бүгүн, 2022-ж. 23-мартында КРнын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, КРнын бизнес-акыйкатчынын орун басары С. Пономарев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода Өкүлүнүн орун басары А. Самановдун катышуусу менен өттү.  


 

Азем КРнын Улуттук гвардиясынын оркестринин аткаруусунда Кырргыз Республикасынын гимни менен ачылды.

КРнын бизнес-акыйкатчысынын орун басары С. Пономарев билдиргендей, жеке ишкерлер кыйынчылык тартып жаткан дүйөлүк оор процесстеринин фонунда “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” сыяктуу иш-чара бизнес үчүн потенциалдуу өнөктөштөр жана керектөөчүлөр менен көпүрө курууга жакшы мүмкүнчүлүк. Мындан тышкары, эффективдүү жумуш үчүн коммуникация түзүүгө ылайыктуу болуп эсептелет. Буга байланыштуу С. Пономарев көргөзмө-жарманке уюштурган КРнын Соода-өнөр жай палатасына ыраазычылык билдирип, мындай чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

 
 

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода Өкүлүнүн орун басары А. Саманов Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары товарларды, кызматтарды жана капиталды эркин айлантууга, бир катар артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди алууга укуктуу экенин эске салды.

Сөз жыйынтыгында меймандар иш-чаранын катышуучуларына “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022”нин алкагында көздөгөн максаттарына жетүүсүнө тилектештигин билдиришти.

 

Азем КРнын Улуттук гвардиясынын жана “Ала-Тоо” чыгармачыл тобунун өнөрлөрү менен коштолду.

 

 

Эске салсак, “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” көргөзмө-жарманкеси “Аю Гранд” СБда өтүүдө. Ал 2022-ж. 1-апрелине дейре созулат. 

 

 

Анын алкагында меймандар ата мекендик жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы менен таанышып, аларды ортомчуларсыз сатып алса болот.

Бул ирет көргөзмө-жарманкенин өзгөчөлүгү  - 24 -мартта Бизнес-акыйкатчы Институтунан маалыматтык сессия өтөт. Темасы - «Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы”. Башталышы 11:00до.

Бардык маалыматтарга кайрылуу