Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » INDIASOFT – 2022
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү Нью-Делиде INDIASOFT – 2022 эл аралык көргөзмөсүндө эки тараптуу кызматташууну алдыга жылдырууда
___________________
Ири иш-чара кечээ, 2022-ж. 23-мартында ачылды.



Анын алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу компаниялардын өкүлдөрү менен бизнес жолугушууларды өткөрүп, потенциалдуу өнөктөштөрдү Кыргызстан экономикасы жана эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууда. Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлордун келечеги талкууланып жатат.


Белгилей кетсек, INDIASOFT – 2022 эл аралык көргөзмө-конференция маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында 150дөн ашуун индиялык компанияларды бириктирет. Анын алкагында, ошондой эле, В2В жолугушуулар уюштурулат.


Бардык маалыматтарга кайрылуу