Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн, 2022-ж. 25-мартында КРнын Соода-өнөр жай палатасында Кеңештин отуруму өттү.
Бүгүн, 2022-ж. 25-мартында КРнын Соода-өнөр жай палатасында Кеңештин отуруму өттү
_________________
Күн тартибине коюлган 5 суроо:
- КРнын экспозициясынын Дубайдагы ЭКСПО-2020 дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышуусу жана даярдыгы боюнча отчет;
- КРнын СӨПнүн 2021-ж. үчүн аткарылган иши боюнча отчет;
- 2022-ж. КРнын СӨПнүн иш-чаралар планын бекитүү;
- КРнын СӨПнүн Комитеттеринин башчыларын бекитүү;
- Башка маселелер;
Отурумдун алкагында Кеңештин мүчөлөрү талкууга активдүү катышып, КРнын СӨПнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана жумушун жакшыртуу боюнча өз сунуштарын берип жатты.
Маселен, Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда коммуникацияны жакшыртуу боюнча кошумча иштер, жеке ишкерлердин жергиликтүү жана эл аралык көргөзмөлөргө катышуу боюнча механизмдери, Палатынын ишин заманбап технологиялар менен чагылдыруу ж.б. сунушталды.
Мындан тышкары, ар бир Комитеттин аркасына Кеңештин мүчөлөрүнөн кураторлорду бекитүү чечими кабыл алынып, көргөзмөлөргө СӨПтүн линиясы боюнча катышууну улантуу зарылчылыгы белгиленди.
- Отурумдун жыйынтыгы менен 2021-ж. аткарылган иштер тууралуу отчет сунуштарды эске алуу менен жактырылып, 2022-ж. иш-чаралар планы колдоого алынды.
КРнын СӨПнүн төмөнкү Комитет башчылары бекитилди:
- КРнын СӨПнүн Агро-өнөр жай комплексинде жана кайра иштетүү өнөр-жайында ишкердүүлүк боюнча Комитеттин төрагасы болуп Койлубаев А.К. бекитилди;
- КРнын СӨПнүн Өнөр-жай саясаты, экспортко көмөктөшүү жана инфраструктура суроолору боюнча Комитеттин төрагасы болуп Түгөлбаев Д.О. бекитилди.
Отрумдун жабылуу алдында Комитеттердин төрагалары отчет берди:
Андан сырткары, КРнын СӨПнүн бир катар кызматкерлерин кесипкөйлүүлүк, КРнын Соода-өнөр жай палатасын түптөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымдары жана көп жылдык эмгеги үчүн Ардактуу грамоталар менен сыйлангандар:
- Тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы – Катипова Н.
- Палатанын мүчөлөрү менен иштешүү боюнча бөлүмдүн башчысы – Акулова Т.
- КРнын СӨПнүн Бизнес-окутуу борборунун башчысы - Бейшеналиева Ч.
Мындан тышкары, Акулова Т. жемиштүү кызматташуу үчүн КРнын Аяллдар конгресси тарабынан кошумча сыйланды.
Биздин Инстаграм баракчага жазылыңыздар - @cci.kg, Фейсбук - Торгово-промышленная палата КР
Бардык маалыматтарга кайрылуу