биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Expo-2020 көргөзмөсүндө КР павильону мыктылардын катарына кирди


Expo-2020 көргөзмөсүндө КР павильону мыктылардын катарына кирди
_________________________

Кыргызстан өз категориясында экономикалык жана туристтик потенциалын, ошондой эле уникалдуу маданиятын көрсөтүүгө басым жасаган.

Дубайда өткөн Expo-2020 көргөзмөсүндө "Кыргызстандын павильону — эң мыкты павильондордун бири" деп табылды.


Бириккен Араб Эмирлигинде бүгүн, 31-мартта, өлкөлөрдүн техникалык жана технологиялык жетишкендиктерин, ошондой эле элдердин маданиятын, салтын көрсөтүү үчүн ачык аянтча болуп эсептелген бүткүл дүйнөлүк көргөзмө аяктайт.

30-мартта Expo-2020 көргөзмөсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, ар кандай категориялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Комиссиянын чечими менен Кыргызстандын павильону “Темаларды өнүктүрүү” категориясындагы “Мүмкүнчүлүк” тематикалык кластеринде 40тан ашык өлкөнүн арасынан 3-орунду жеңип алды.




Жалпысынан жарманкеге катышкан 192 өлкөдөн 25 павильонго сыйлык берилди.

Эске салсак, Кыргызстан өз категориясында экономикалык жана туристтик потенциалга, ошондой эле уникалдуу маданиятты көрсөтүүгө басым жасаган.

Павильондун коноктору кыргыз элинин заманбап дүйнөдө өзүнүн өзгөчөлүгүн жана каада-салтын сактап калуудагы жетишкендиктерин жогору баалашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандан келген бал азыгына жана таза сууга өзгөчө көңүл бурулду.

Бул жолку Expo көргөзмөсүнүн алкагындагы ар кандай иш-чаралардын натыйжасында кыргызстандык ишкерлер бир катар келишимдерди түзө алышкан.



Бардык маалыматтарга кайрылуу