биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » “Кыргызстан – Россия: текстиль өнөр-жайы үчүн мүмкүнчүлүктөр жана перстпективалар” аттуу Экинчи Кыргыз-Россиялык аялдардын бизнес-форуму


Бишкекте “Кыргызстан – Россия: текстиль өнөр-жайы үчүн мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар” аттуу Экинчи Кыргыз-Россиялык аялдардын бизнес-форуму өтөт
_______________________

 

Ага айымдар дагы, мырзалар дагы катыша алат.


 
Иш-чара 2022-ж. 7-8-апрелинде КРнын Соода-өнөр жай палатасынын, Кырызстандын Аялдар конгрессинин жетекчилигинин, КРнын Өкмөтүнүн, КРнын Президент Администрациясынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле, Россиянын КРдагы Элчиси Н. Удовичеко, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы А. Новиков жана Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү В. Латыповдун катышуусу менен өтөт.
 
Бизнес-форумдун алкагында россиялык компаниялар менен В2В жолугушуулар, Кыргызстандын тигүү цехтерине сапар, министрликтерде жолугушуулар жана маданий программа пландалган.
 
Иш-чара Кырнызстандын Аялдар когресси тарабынан демилгеленип, КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулууда.
 
Форумдун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн жеке ишкерлери ортосунда кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлат.
 
Конок, спикер же демөөрчү катары катышууну каалагандар үчүн байланыш: : 0501 55-51-93, 59-64-45 или womencongress.kg@gmail.com

_______________


Бардык маалыматтарга кайрылуу