биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Лизингди өнүктүрүү боюнча ЕАЭБдин Кыргызстанга болгон бизнес-миссиясы июнда өтөт


Лизингди өнүктүрүү боюнча ЕАЭБдин Кыргызстанга болгон бизнес-миссиясы июнда өтөт
___________________

Иш-чара 2022-ж. 8-11-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде Россия, Кыргызстан, Казакстан, Белоруссия жана Армениянын расмий өкүлдөрү, каржылык уюмдарынын жана компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болот.

Буга байланыштуу, бүгүн, 19-апрелде КРнын Соода-өнөр жай палатасында ага вице-президент Роман Касымовдун бизнес-миссияга катышууга жана лизингди өнүктүрүүгө кызыктар, негизги фонддорго инвестицияларды пландап жаткан өлкөнүн жеке ишкерлери менен жолугушуусу өттү.




Аталган бизнес-миссия «Лизинг-Евразия» Эл аралык Ассамблеясынын алкагында, РФнын СӨПнүн лизинг боюнча Кичи комитети, «ЛИЗИНГОВЫЙ СОЮЗ» уюму, РФнын СӨПнүн каржылык-өнөр жай жана инвестициялык саясат боюнча Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палтасынын тарабынан уюштурулууда.

Россиялык тараптын маалыматында: Экономикалык санкциялардын жана Россиянын каржылык системасын европалык, америкалык каржылык-инвестициялык булактардан ажыратуунун натыйжасында лизинг Россиянын дагы, евразиялык коомчулуктун дагы экономикасын өнүктүрүү күчүнө айланууда. Советтер Союзу мезгилинен кийинки өнүгүүдө болуп көрбөгөндөй Россия Федерациясындагы учурдагы кырдаал тигил же бул формада ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрүнүн экономикаларына дагы тийиштүү болууда. Рынокту калыптандыруунун андан аркы негизги векторлорунун бири – бул Россиянын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү – Армения, Казакстан, Кыргызстан, Белоруссия жана КМШ өлкөлөрү менен, биринчи кезекте Өзбекстан менен кызматташуу болуп саналат”.

Мындан тышкары, “Кыргызстан – Россиянын ЕАЭБ аймагында стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири, 2022-жылдын 1-январынан ЕЭКте төрагалыкты кабыл алган”, деп белгиленет.

Бизнес-миссиянын алкагында лизинг боюнча Кыргыз-Россиялык конференция, санарип трансформация (төлөм системаларынын жаңы өнүгүү багыты, электрондук коммерция ж.б.) жана “жашыл экономика” боюнча отурумдар, ошондой эле, практикалык бөлүмдөр, анын ичинде “Лизинг алуучунун мектеби” өтүп, анын катышуучулары лизингде өз ара аракеттенүү, субсидиялар, төлөмдөр ж.б. курч суроолор боюнча практикалык кеп-кеңештерди алышат. В2В жолугушуулар дагы пландалган.

Бардык маалыматтарга кайрылуу