Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасында жаңы 23 мүчө кабыл алынып, СӨПтүн чет өлкөлөрдөгү айрым Өкүлдөрү бекитилди.
КРнын Соода-өнөр жай палатасында жаңы 23 мүчө кабыл алынып, СӨПтүн чет өлкөлөрдөгү айрым Өкүлдөрү бекитилди
___________________
Кечээ, 2022-ж. 20-апрелинде Палатынын президенти Марат Шаршекеевдин төрагалыгы алдында уюмдун Президиумунун кезектеги отуруму өттү.



Күн тартибине бир нече суроолор коюлуп, алардын ичинде жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу болду. Бул ирет Палатанын катары Ош, Баткен облустары жана Бишкектен 23 компаниялар жана жеке ишкерлер менен толукталды.



Алардын ишмердүүлүк тармактары булар: жолдорду куруу, сантехника, кийим тигүү, товарларды маркирлөө жана консалтингдик кызматтар, кургатылган мөмө-жемиштердин өндүрүү, элдик керектөөдөгү товарлар, мейманкана кызматтары, күнөскана чарбасы, күрүчтүн экспорту ж.б.
Ушуну менен бүгүнкү күндө КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнүн саны 1 миң 300гө чукулдады.






Толук тизме бул жерде.
Мындан тышкары, КРнын СӨПнүн чет өлкөлөрдөгү төмөнкү Өкүлдөрү бекитилди:
- Асан Садыков –Сауд Арабия Королдугу;
- Азамат Исмаилов – Польша, Чехия жана Германия;
- Мааданбек Караев – Өзбекстан;
- Жаркынай Кошоева –Нидерланддар Королдугу;
- Фатима Усубалиева – КЭР (Гуандун жана Шаньдун провинциялары);
- Михаил Тумасов – РФ (Москва ш.).




Белгилеп кетсек, чет өлкөлөрдөгү Палатанын Өкүлдөрү ушул жылга жумуштар планын тартуулашты. Өлкөлөр ортосунда ишкердүүлүк байланыштарды орнотуу жана өнүктүрүү, мүчөлөргө виза алуу, көргөзмөлөргө жана бизнес-форумдарга катышууга көмөктөшүүдөн тышкары, быйыл төмөнкү жумуштар пландалууда:
- Кытайда "Автоунаа рыногу үчүн эң мыкты тандоо” бизнес-форумун өткөрүү;
- КРнын СӨПнүн Андижанда жана Сауд Арабиясында Өкүлчүлүктөрүнүн кеңсесин ачуу;
- Сауд Арабиясынан Кыргызстандын энергосекторуна инвестицияларды тартуу;
- РФдагы курулуш жана товарларды/кызматтарды жеткирүү боюнча тендерлерге кыргызстандык ишкерлерди тартуу.






Бардык маалыматтарга кайрылуу