Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Борбордук Азияда алгачкы толук циклдеги завод ачты
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Борбордук Азияда алгачкы толук циклдеги завод ачты
_________________
“Маткасымов” компаниясынын ишканасынын ачылыш аземи бүгүн, 21-майда Бишкекте өттү. Ага СӨПтүн жетекчилиги жана өкмөттүн өкүлдөрү катышты.
Тиричилик товарларын өндүрүү боюнча толук циклдеги “Маткасым” заводу япон технологиясы менен курулуп, автоматтык боекко салуу, турбопрокат жана штамптоо цехине ээ.
Кубаттуулугу – жылына 10 млн. товар. Жалпы өндүрүу аянты 2,5 гектар. Компания 150дөн ашуун жумушчу орундарды камсыздады.
КРнын Соода-өнөр жай палатасы “Маткасымов” компаниясынын кубанычын тең бөлүшүп, мындан дагы албан ийгиликтерди чын жүрөктөн каалайт!
Бардык маалыматтарга кайрылуу