Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » “Кыргыз шырдагы XII» эл аралык фестивалында эң мыкты көл өнөрчү аныкталды
“Кыргыз шырдагы XII» эл аралык фестивалында эң мыкты көл өнөрчү аныкталды
______________
Иш-чара 2022-ж. 28-29-июнунда Түркмөнстандан жана өлкөнүн региондорунан 100дөн ашык, Нарын облусунун аймактарынан 200дөн ашуун уз-чеберлердин катышуусу менен Нарын шаарында өттү. Жалпысынан калыстардын алдына 2 миңге чукул шырдак тартууланды.



Жыйынтыгында “Мыкты шырдак” номинациясы боюнча 50 миң сом акчалай сыйлыгы менен баш байгени Ат-Башы районунун чебер узу Ырысбүбү Айдарканованын шырдагы жеңип алды. Ал эми ушул эле номинация боюнча биринчи орунга жана 40 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка Ак-Талаа районунун кол өнөрчүсү Жыпаркүл Исакова татыктуу болду. Экинчи орунду жана 30 миң сом акчалай сыйлыкты Жалал-Абад облусунун кол өнөрчүсү Кундузай Тойчиеванын шырдагы багындырды.


“Мыкты мурас шырдагы” номинациясы боюнча 30 миң сом акчалай сыйлыгы менен биринчи орунду Нарын районунун кол өнөрчүсү Гүлжамал Казиева жеңип алды. Ал эми “Жаш уздарды тандоо” номинациясында биринчи орунду жана 5 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыкты Нарын районунун Учкун айылынын жаш кол өнөрчүсү Айчүрөк Ибраева камсыздады. Экинчи орунга жана 4 миң сом акчалай сыйлыкка Ак-Талаа районунун жаш кол өнөрчүсү Муратбек кызы Карлыгач татыктуу болду. Үчүнчү орунду жана 3 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыкты Нарын районунун Куланак айылынын жаш кол өнөрчүсү Элмира Токтоналиева жеңип алды.



Фестиваль КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин, КР Соода өнөр-жай палатасынын, Нарын мамлекеттик университетинин жана райондук мамлекеттик администрациялардын, Нарын шаардык мэриясынын биргелешкен аракети менен өткөрүлдү.
Маданий иш чаранын байге фондуна Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан 300 миң сом, ал эми уюштуруп өткөрүү иштерине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 75 миң сом акча каражаты жумшалды.
Бардык маалыматтарга кайрылуу