биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Ставрополь аймагынан (РФ) бизнес-делегация Кыргызстандын ишканаларын кыдыра баштады


Ставрополь аймагынан (РФ) бизнес-делегация Кыргызстандын ишканаларын кыдыра баштады
____________________

 Бүгүн, 6-июлда, ишкерлер миссиясы КРнын Соода-өнөр жай палатасында В2В сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң ата мекендик компанияларга барды.
 
 

 

Россиялык бизнес химиялык продукцияны (лактоочу-боёчу материалдар, тамак-аш уксусу, тиричилик химия ж.б.), буудай жана арпанын үрөндөрүн, суусундуктарды өндүрүү тармактарынан болот.

 
 
Эртең жана бүрсүгүнү кыргызстандык ишканаларды кыдыруу уланат. Алардын арасында дүң жана чекене сатуу (супермаркеттер тармагы), фармацевтика, курулуш тармактары, ошондой эле, тиричилик химияны жана дан эгиндерин, май өсүмдүктөрүн сатуучу компаниялар ж.б. бар.

 
 
Белгилей кетүүчү нерсе, россиялык ишкерлер акыркы эки жумада экинчи ирет келип отурат. Буга чейин 22-июнда КРнын Соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен Нижний Новогороддон делегация жолугуп кеткен.

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу