Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн Оренбургдан жеке ишкерлердин Кыргызстанга болгон бизнес-сапары башталды
Бүгүн, 2022-ж. 17-августунда Оренбургдан жеке ишкерлердин Кыргызстанга болгон бизнес-сапары башталды
___________________
Анын алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасында россиялык компаниялардын өкүлдөрү менен ата мекендик ишкерлердин В2В-жолугушууларды өттү.
Жалпысынан сүйлөшүүлөргө 15ке жакын компаниялар катышты. Алар колбаса азыктарын жана жарым фабрикаттарды, дан жана май өсүмдүктөрүн өндүрүү, ортопедиялык каражаттарды жасоо ж.б. тармактардан болот.
Россиялык компаниялар соода-экономикалык байланыштарды жөнгө салып, жаңы өнөктөштөрдү табууга, анын ичинде сырье сатып алууга кызыктар.
Кошумчалсак, Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле эртең жана бүрсүгүнү делегацияны Чүй жана Бишкектин өндүрүштөрүнө жана компанияларына тааныштыруу үчүн алып барат.
Үч күндүк миссия 19-августта соңуна чыгат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу