Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » ШКУнун Биринчи ишкер айымдар конференциясында “Ала Тоо Сүт” компаниясы 1 млн. долларга келишим түздү
ШКУнун Биринчи ишкер айымдар конференциясында “Ала Тоо Сүт” компаниясы 1 млн. долларга келишим түздү
______________________________
Иш-чара 2022-ж. 18-19 августунда Ташкент шаарында өттү.
Ага КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Кеңешинин мүчөсү Асель Атабекова, өлкөнүн ишкер айымдары, анын ичинде “Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун өкүлдөрү ж.б. катышты.



Шанхай кызматташттыгы уюмунун конференциясынын алкагында салттуу В2В-жолугушуулар өтүп, жыйынтыгы менен төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргызстан жана Өзбекстан ишкер айымдары ортосунда Кызматташуу боюнча келишим;
- "Ала Тоо Сүт" а/ч кооперативи тарабынан сүт азыктарын экспорттоого 1 млн.долларга келишим;
- Эки өлкөлөрдүн консалтинг-юридикалык жана аудитордук компаниялары ортосунда Кызматташуу боюнча келишим;
- Борбордук Азиянын аялдар лигасы” коомдук фонду менен Өзбекстандын Ишкер айымдары клубу ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.


Кошучаласак, конференциянын максаты – аялдар бизнесин бириктирип, тышкы экономикалык байланыштарды жана тараптар ортосунда пайдалуу кызмтаташууну жөнгө салуу үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү болуп эсептелет.
Бардык маалыматтарга кайрылуу