Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Борбор шаарда «Бишкек Сары- Өзөн 2022” салттуу көргөзмө-жарманке ачылды
Борбор шаарда «Бишкек Сары- Өзөн 2022” салттуу көргөзмө-жарманке ачылды
________________
Салтанаттуу иш-чара бүгүн, 2022-ж. 5-октябрында “Аю Гранд” соода борборунда өтүп, шаар жашоочулары жана коноктору үчүн маданий-көңүл ачуучу программа менен коштолду.


КРнын Соода-өнөр жай палатасынын «Кыргызэкспоборбору» «Бишкек Сары-Өзөн» эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкени 1993-жылдан бери уюштуруп, жыл сайын 2 миң чарчы метр аянтта ар кайсыл тармактардан ата мекендик жана чет элдик өндүрүүчүлөрдү чогултуп келет.
Бирок, КРнын СӨПнүн “Кыргызэкспоборборунун” директору Александр Савицкийдин маалыматында, быйыл дүйнөдөгү татаал кырдаалга байланыштуу чет жактан компаниялар, анын ичинде Россиядан катыша алган жок.

Ал кошумчалагандай, быйыл өз өндүрүмүн ар кандай облустардан 47ге чукул кыргызстандык өндүрүүчүлөр тартуулап жатат. Катышуучулар улам кошулушу күтүлүүдө, андыктан жарманке буга чейин пландалгандай 9-октябрга чейин эмес, ушул айдын акырына чейин узартылышы ыктымал. Иш-чарага катышуу менен өндүрүүчүлөр сатуунун көлөмүн көбөйтүп, бренддин таанылышын бекемдеп, жаңы кардарларды табууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

Ал эми коноктор ата мекендик өндүрүштөгү ар кандай продукция менен таанышуудан тышкары, аларды ортомчуларсыз жакшы баада сатып алса болот. Маселен, көргөзмө-жарманкеге сыр, сүт азыктары, суусундуктар, ширелер, бал жана аарычылык өндүрүм, жеңил өнөр-жай продукциясы ж.б. коюлган.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Президентинин Чүй облустагы толук ыйгарымдуу өкүлчүлүгү, КРнын Айыл-чарба министрлигинин колдоосунда уюштурулууда. Иш-чаранын башкы өнөктөшү - «АЮ Холдинг» ЮЖБсы.

Өтүп жаткан дареги: Бишкек ш., Чолпон-Ата көч. 2, “Аю Гранд” соода борбору.
Бардык маалыматтарга кайрылуу