Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Белорус Соода-өнөр жай палатасынын Минск бөлүмү менен бирдикте эки өлкөнүн ишкерлери үчүн иштиктүү форум өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Белорус Соода-өнөр жай палатасынын Минск бөлүмү менен бирдикте эки өлкөнүн ишкерлери үчүн иштиктүү форум өткөрдү. Форумдун алкагында Кыргызстандын бизнесмендери Беларусь Республикасынын компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Беларустун бизнеси: курулуш, эт-сүт сектору, эмерек, саат, аккумуляторлорду өндүрүү сыяктуу багыттар менен тааныштырылды. Ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү издешет жана өз продукцияларын сатуунун жаңы рынокторун өздөштүрүшөт. Алар Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташуунун бардык варианттарын кароого даяр. Өз кезегинде кыргызстандык бизнеске канаттуулар этин экспорттоо боюнча сунуштар келип түштү. Белорус ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар болгон бардык компаниялар Соода-өнөр жай палатасына кайрылуусун суранабыз.
Бардык маалыматтарга кайрылуу