Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын менен жолугушту
Жолугушуу конструктивдүү багытта жана жылуу маанайда өттү. Соода-өнөр жай палатасы менен Европа банкынын ортосунда айрым аспекттер боюнча активдүү өз ара аракеттешүү бар экенин белгиленди.
"Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда жакшы натыйжаларга жетүү үчүн аракеттерибизди бириктирүү милдети турат. Биринчи кезекте Кыргызстандын ишкерлерине өнүгүүгө жардам берүү үчүн эксперттик деңгээлде өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл. Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү тиешелүү түрдө өлкөдөгү экономикалык өнүгүүгө жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт", - деди Темир Сариев. Мындан тышкары, палатанын президенти Европа банкына палатанын ишинин алкагында санариптештирүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.
"Бизнесмендердин келип, салык жана бажы чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу толук маалымат алууга убактысы жок. Биз алар үчүн ыңгайлуу тиркеме түзүшүбүз керек, аны каалаган убакта офистен же үйдөн ыңгайлуу шартта колдонсо болот. Санариптик жаңылыктарга өзгөчө Кыргызстандын региондорунан келген ишкерлер муктаж.",- деп белгиледи Темир Сариев. Анын айтымында, санариптештирүү чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн өз убагында маалымдоого жардам берет, бул алардын ишине оң таасирин тийгизет. Өз кезегинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү кызматташууга жана соода-өнөр жай палатасы тарабынан бардык сунуштарды кароого даяр экендиктерин билдиришти.
Бардык маалыматтарга кайрылуу