биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстан менен Өзбекстандын Ишкерлер кеңешинин отурумунун болду


 Эки республиканын ири ишканаларынын жүздөн ашык өкүлдөрү биргеликте маселелерди талкуулашып, кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга кол коюшту. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өз сөзүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин жаңы баскычы башталганын билдирди. Биринчи этап–бизнести биргелешип алга жылдырууга жардам берүү. "Биз горизонтторду аныктадык. Бул жылына 2 миллиард АКШ доллары. Мындай деңгээлге жетүү үчүн эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр. Биз эки мамлекеттин ортосунда "жашыл коридор" ачабыз деп макулдаштык. Бизнес, мамлекеттик органдар менен иштешүүгө жана бардык көйгөйлөрдү чечүүгө даяр", - деп белгиледи Сариев.

Өзбекстан Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Жамшед Ураков дагы эки палатанын өз ара түшүнүшүүсү жаңы деңгээлге чыкты деп эсептейт. Ал эми ишкерлер Соода-өнөр жай палатасынын ресурстарынын жардамы менен маселелерди чечүүгө кызыкдар. "Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына ишкер кеңешти уюштургандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Бүгүн биздин мамилебиздин тарыхый учуру жөнүндө айта алабыз. Темир Сариевдин экономикалык жактан чоң тажрыйбасы бар жана бул биздин мамилелерибиздин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзөт",- деп эсептейт Ураков.

Кыргызстандын ишканаларынын эт-сүт азыктарын тез арада экспорттоо боюнча сунуштарын кабыл алууга даяр экенин билдиришти. Кыргызстан жана Өзбекстан Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери биргелешкен билдирүү жасап, ишкерлерди кыска убакыттын ичинде актуалдуу маселелерди чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп ишендиришти.

Ишкерлер кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча:

- Кыргызстандын зергерлер жана ишкерлер союзу жана Өзбекстан Республикасынын "Өзбеккаргарсаноати" ассоциациясы;

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана Өзбекстандын Анжиян аймактык соода-өнөр жай палатасынын “Ош облустук бөлүмү " мекемеси менен;

- ЕККУ бизнес-ассоциациясы менен Өзбекстандын экспортерлор ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Кыргызстандын фармацевтикалык Союзу менен Өзбекстан Республикасынын фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү боюнча агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын "Экоэкспорт" ЖЧКсы менен Өзбекстан Республикасынын жайыт чарбаларын өнүктүрүү боюнча ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы менен Өзбекстан Республикасынын Туризм инвесторлору ассоциациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кыргызстандын "УИА" компаниялары менен Өзбекстан Республикасынын "Фаст-групп" ЖЧКсынын ортосундагы 20 миллион долларлык кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

  

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу