Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кувейт Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Омар Ахмед Мухаммед Мурат Аль-Кандари менен жолугушту
"Кыргызстандын бизнесмендери араб өлкөлөрүнүн рыногуна активдүү чыга башташты. Ишкерлер халал-индустрия продукциясына жана башка товарларга абдан кызыгышат. Ушундан улам, акыркы убакта авиакаттамдардын саны да көбөйүп, туристтер үчүн жаңы каттамдар ачылууда. Соода-өнөр жай палатасы тарабынан эки өлкөнүн бизнесмендери сатуу рыногун гана эмес, өндүрүш жана кайра иштетүү тармагында жалпы кызыкчылыктарды табышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө", - деп белгиледи Темир Сариев.
Кувейттин Кыргыз Республикасындагы элчиси жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Темир Сариевди Кувейтке бизнес - чөйрө менен таанышуу үчүн чакырды.
"Биздин өлкөлөрдүн өкмөттү ишкерлер активдүү кызматташуусу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп жаткан көптөгөн фонддор бар. Мен сиздерди Кувейтке кесиптешиңиздер — Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушууга жана биздин өлкөнүн бизнес-чөйрөсү менен таанышууга чакырам",- деп кошумчалады Кувейттин Кыргызстандагы элчиси Омар Ахмед Мухаммед Мурат Аль-Кандари.
Элчи эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда көпүрө болууга тийиш деп ишенет.
Бардык маалыматтарга кайрылуу