Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Нарын шаарынын Грант Хан-Тенгри отелинде “Нарын облусунда туруктуу туризмди биргелешкен аракеттер менен өнүктүрүү" ат
Форумда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Эргешов, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү колдоо фонду” ачык акционердик коомунун төрайымы Елена Калашникова жана эл аралык иштер, туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты.
КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын облусунун экономикасынын негизин түзө турган приоритет тармактардын бири туризм тармагы болуп эсептелээрин, анын ичинде республикалык деңгээлде чечилүүчү маселелер бар экенин белгилеп, бул жагынан министрликтерден колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтты. Быйыл облуста экономикалык секирик жасай турган амбициялуу пландар белгиленгенин, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүу багыттары бар экенин, креативдүү инновациялык долбоорлор болсо колдоп берээрин билдирди. Кыргызстан боюнча Нарын облусу хоккейдин мекени болуп эсептелгендиктен, Азия-чехия соода палатасы менен февраль айында чоң иш-чара пландалып жатканына токтолду жана бул багытта биргеликте иштер тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынан сурады. Быйыл туристтердин коопсуздук маселесин эске алып, эко милиция уюштурулуп, “Коопсуз облус” долбоору сунушталып жатканын маалымдады.
3 пленардык сессияларда туризм багытындагы жетишкендиктер, көйгөйлөр жана сунуштар айтылып, туристтик компаниялар, фирмалар менен эл аралык уюмдардын ортосунда баарлашуу болду. Меморандумдарга кол коюлуп, туристтик секторго салым кошкондор үчүн сыйлоо аземи болуп өттү .
КРнын Соода-өнөр жай палатасы туризмдин өнүгүшүнө салымын кошуп келе жатат. Форумдун иш-чараларына материалдык жана уюуштуруучулук жардамын көрсөтүп, тактап айтканда туризм менен иштеген жеке ишкерлердин, туристтик компаниялардын маалыматтык-консультациялык камсыз болуусуна, катышуусуна, туризм багытында программаларды иштеп чыгууга жардам берип, форум учурунда Нарын облусунан өндүрүлгөн кол-өнөрчүлүк, азык-түлүк продукциялардын, бренд-товарлар көргөзмөсүн уюуштурду.
Кенири маалымат, консультация алуу жана сунуштар үчүн:
КР Соода-өнөр жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлү Турсунбаев Бейшенбек Укеновичке кайрылыныздар: КР, 722900, Нарын шаары, Ленин көчөсү 76, 1-кабат, Тел.: (0700)201283, (0773)453345 whatsapp, e-mail : beish2005@mail.ru

Бардык маалыматтарга кайрылуу