Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Туркияда «AGROEXPO 2023» эл аралык көргөзмө башталды
Палатанын президенти Темир Сариев жана бизнесмендер Түркиянын, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Көргөзмө ири эл аралык өндүрүүчүлөргө, айыл чарба жана мал чарба компанияларына, Айыл чарба техникасын, техникалык тейлөө үчүн жабдууларды, өсүмдүк өстүрүү үчүн өндүрүш каражаттарын жергиликтүү жана эл аралык өндүрүүчүлөргө арналган. Көргөзмө дүйнө жүзү боюнча миңдеген компанияларды катышууга тартты. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ошондой эле ишкерлер үчүн Стамбул-Изник-Измир-Маниса-Инегол-Текирдаг маршруту боюнча бизнес-тур уюштурду.
Бардык маалыматтарга кайрылуу