Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Бишкек ЭЭЗине барышты.
ЭЭА аймагында 110 ишкана иштейт. Палатанын Вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев палатанын артыкчылыктары жана алар бизнеске кандайча жардам берүүнү көздөп жаткандыгы жөнүндө айтып берди.
"Палата ишкерлер менен активдүү иш алып барат. Бул жөн гана сертификаттарды берүү эмес. Соода-өнөр жай палатасы бизнестин кызыкчылыгын коргойт. Азыр комиссия түзүлүп, бизнесмендер үчүн электрондук, товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтык системасынын катышуучусу катары каттоо талаптарын киргизүү каралууда. Ушул жана башка маселелер палатанын сакчылыгында турат. Биз сиздерди жалпы аракеттер менен ишкердикке байланыштуу маселелерди чечүү үчүн палатанын мүчөсү болууну сунуштайбыз", - деп белгиледи Бактияр Мухамедзиев.
Палата көптөгөн кызматтарды көрсөтөт. Мисалы: товарларды сертификациялоо жана келип чыгуу сертификатын берүү, ишенимдүү өнөктөштөрдүн реестрин жүргүзүү, штрих-код берүү кызматтары, форс-мажордук кырдаалдарды сертификациялоо, көргөзмө-жарманкелик иш-чараларды уюштуруу, консультациялык кызмат көрсөтүү, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү колдоо ж.б. Палата дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсү менен байланышы бар. Соода-өнөр жай палатасы ошондой эле Бишкек ЭЭА аймагынан тышкары өндүрүлгөн товарлардын чоң көргөзмөсүн уюштурууну сунуштады
Бардык маалыматтарга кайрылуу