Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КР Соода-өнөр жай палатасына “Bglobal” компаниясынын өкүлдөрү келишти.
Айымдар дүйнө жүзү боюнча бизнес-турларды өнүктүрүү жана уюштуруу тармагында алектенип келишет. Компания кардарлар үчүн, инновацияларга жана өнүккөн өлкөлөрдүн эң алдыңкы компанияларынын билимине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон толук циклдүү SMART-турлардын кеңири спектрин сунуштайт. «Bglobal» Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсу. Компаниянын өкүлдөрү Александр Федоровдун “Менин Айтматовум” аттуу китебин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевге белек катары тартуулашты. Федоров – «Кыргызфильм» киностудиясында мастерлик мектебин аяктаган профессионал фотограф. Ал көп жылдар бою залкар жазуучуну кинотасмаларды тартуу учурунда эле эмес, күнүмдүк турмушта да сүрөткө тартып келген. Бул керемет фотоальбомдо Геннадий Базаров менен да көптөгөн сүрөттөр бар. Тарыхтагы татыктуу изи бар чыгаандардын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. “Bglobal” компаниясынын өкүлдөрүнө мындан аркы ийгиликтерди жана жемиштүү кызматташууну каалайбыз!
Бардык маалыматтарга кайрылуу