Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы "Продэкспо-2023" эл аралык көргөзмөсүнө катышууда
Көргөзмөгө Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнөн 10го жакын кыргыз экспорттоочу компаниялары катышууда. Көргөзмө экспозициясында жогорку сапаттагы экологиялык таза кургатылган жемиштер, жаңгактар, түрдүү жашылча-жемиштер, төө буурчак жана башка кыргызстандык продукциялар кеңири көрсөтүлдү. "Продэкспо-2023" көргөзмөсүнүн ачылыш аземине КРнын Соода-өнөр жай палатасынын "Кыргызэкспоцентринин" жетекчиси Н.А.Султанов, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Москва шаарындагы өкүлү М.И.Тумасов катышышты. "Продэкспо"– Россияда жана Чыгыш Европада тамак-аш жана суусундуктардын эң ири эл аралык көргөзмөсү. Бул жылы, анын катышуучулары 2 өлкөдөн 35ден ашык компаниялар болуп калды. "Продэкспо-2023" дүйнө жүзүндөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн тамак-аш жана суусундуктардын мыкты үлгүлөрүн сунуштайт.
Бардык маалыматтарга кайрылуу