биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту


Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер тууралуу айтылды. Акыркы мезгилде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүсу кыйла өстү жана 10,81 млн.долларды түзөт.

 "Бул чек эмес деп эсептейбиз. Биз мындан ары да өсүү темпин көтөрүшүбүз керек. Ошондуктан, мындан аркы өнүктүрүү үчүн жолдорун издеп жатабыз. Азыркы учурда, Соода-өнөр жай палатасы ири ишкерлердин катышуусу менен ар кандай бизнес-форумдарды өткөрөт жана ар кайсы өлкөлөрдүн соода-өнөр жай палатасынын ортосунда ишкер кеңештерди активдештирет. Бул бизнестин өз ара аракеттешүүсүнө түрткү берет", - деп белгиледи Темир Сариев.

 Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, соода-өнөр жай палатасынын активдүү ишмердүүлүгүн белгиледи.

"Акыркы убакта Кыргызстандын бизнесмендери башка өлкөлөрдүн рынокторуна Активдүү чыга башташты. Эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары тарабынан ишкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө. Бул сатуу базарлары гана эмес, өндүрүш жана кайра иштетүү чөйрөсүндөгү жалпы кызыкчылыктар. Жакында кыргыз-азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлдү",- деп баса белгиледи Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси.

 Элчи, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда көпүрө болууга тийиш деп ишенет.

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу