биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргыз Республикасындагы Катардын иштериндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ахмад Юсуф Ахмад Салем Кафуд менен жолугушту


Тараптар эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу маселесин талкуулашты.

 "Өткөн жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Катарга иш сапары менен барган. Бул соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө чоң түрткү берди. Азыркы учурда темир жолдорду өнүктүрүү маселеси талкууланып жатат. Бул бизнес үчүн кошумча логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет", - деп белгиледи Темир Сариев.

Кыргыз Республикасындагы Катардын иштериндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соода-өнөр жай палатасынын Президентин Катарга иш сапары менен келип, экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну активдештирүүгө чакырды.

"Сиздин экономика тармагындагы чоң тажрыйбаңыз эки өлкөнүн бизнесмендерине кызматташтыкты орнотууга жана жаңы рынокторду ачууга жардам бермек. Сиздер менен бирге биз Кыргызстандын бизнесинин кызыкдар өкүлдөрүн чакырабыз", - деп баса белгиледи Ахмад Юсуф Ахмад Салем Кафуд.
  


Бардык маалыматтарга кайрылуу