биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын алдында курулуш боюнча комитет түзүлдү


Соода-өнөр жай палатасынын алдында курулуш боюнча комитет түзүлдү

 Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар курулуш тармагында пайда болгон маселелерди талкуулап, турак үйлөрдү куруунун сапаты маселесин козгошту.

 "Түркиядагы жер титирөө бүткүл дүйнөлүк коомчулукту ойлонтту. Бул кайгылуу окуя бизди Кыргызстанда турак жайларды курууда кандай материалдар колдонулат деген ойго салды. Биз бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле жасап, нормаларды ак ниеттүүлүк менен аткарышыбыз керек. Ошону менен бирге, биз курулуш бизнеси үчүн аянтча түзүп, бардык маселелерди чогуу чечүүнү каалайбыз. Курулуш бизнеси ишкердик чөйрөсүндөгү флагмандардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө анын үлүшү ИДПнын 17 пайызына жетти. Бул абдан жакшы көрсөткүч, бирок өсө турган дагы көп жерлер бар, ал үчүн мыйзам чегинде бирге тоскоолдуктарды жоюу зарыл",- деп белгиледи Темир Сариев.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү сөп мамлекет менен бизнестин ортосунда көпүрө болот деп ишенишет.

 "Бул тармакта чечилбеген маселелер абдан көп, аларды өз убагында чечүү керек. Тилекке каршы, көйгөйлөрдү чечүү үчүн архитектура жана курулуш Мыйзамына жана шаар куруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат, ошондой эле жаңы оңдоо Мыйзамын кабыл алуу зарылчылыгы бар. Курулуш бизнесинин өкүлдөрү дүйнөлүк тренддердин деңгээлинде болуу үчүн ири эл аралык көргөзмөлөргө катышып, ошондой эле Кыргызстанда ушундай форумдарды уюштурушу керек. Цемент менен кирпичтен башка көптөгөн курулуш материалдарын биз Россиядан сатып алабыз жана акыркы бааны төмөндөтүү үчүн өндүрүүчүлөрдү республикага көргөзмөлөргө чакырсак болот, ошондо куруучулар алар менен түздөн - түз иштешип, дүң сатып алуулар жөнүндө макулдаша алышат", - деп баса белгиледи "Эмарк групп"курулуш компаниясынын директору.

Жолугушуунун жыйынтыгында Соода-өнөр жай палатасынын алдында курулуш боюнча Комитет түзүү чечими кабыл алынды. Талкуудан кийин комитеттин төрагалыгына "Эмарк групп" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовду дайындоо чечими кабыл алынып, ал кесиптештерин курулуш тармагынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди.


  

  

Бардык маалыматтарга кайрылуу