Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасы “Кыргызстан-Словения” бизнес-форумун өткөрдү
Катышуучулар бизнес-форум эки өлкөнүн ишкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө түрткү берерине ишенишет.
“Азырынча биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын көрсөткүчтөрү жогору эмес, бирок өсүү потенциалы бар. 2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү болгону 12,1 миллион АКШ долларын түздү. Албетте, бул өтө аз, бирок бүгүнкү бизнес-форум өсүүгө түрткү берет деп ойлойбуз. Бүгүн бизнес чөйрөсү Словения менен эффективдүү сооданы өнүктүрүүгө кандай тоскоолдуктар бар экенин айтып беришет”,- деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.
Форумдун алкагында Соода-өнөр жай палатасы менен ишкердикти, интернационалдаштырууну, чет элдик инвестицияларды жана технологияларды өнүктүрүү боюнча “SPIRITE SLOVENIА” агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул Меморандумдун кызматташуусунун негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ар кандай чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык кызматташтыкты стимулдаштыруу максатында эл аралык деңгээлде жалпы коммуникация аянтчаларын өнүктүрүү;
- тараптардын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн, ошондой эле жаңы узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- инвестициялык, экспорттук-импорттук ишмердүүлүк, ошондой эле туризм жана маданий өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча тараптардын ортосунда диалогду жүргүзүүгө көмөктөшүү.
Ошондой эле Кыргызстан менен Словения эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасы аркылуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр жана “Кызматташуу келишимине” кол коюуну караштырууда.
“Бүгүн бизде кызматташуунун жаңы жолдорун ачууга, түрдүү тармактарда өз ара кызыкчылыкты аныктоого жана эки өлкөнүн өнөр жай потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан биздин делегациянын курамында төмөнкүдөй ири өнөр жай ишканалары бар: DUOL – спорттук курулуштарды, айыл чарба комплекстерин, күнөсканаларды куруучу объектилерди чыгаруучу; RIKO компаниясы – энергетика, инженерия, логистика, курулуш жана башкалар сыяктуу алдыңкы багыттарды камтыган; EHO – жашылча-жемиштерди өнөр жайлык муздатуу тармагында бир катар кызматтарды өндүрүүчү болуп саналат”,- деди Словениянын вице-премьер-министри Таня Файон.
Бизнес форумдун жыйынтыгында кызматташуу боюнча үч меморандумга кол коюлду.
- Бул Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен ишкердикти, интернационалдаштырууну, чет элдик инвестицияларды жана технологияларды өнүктүрүү боюнча “SPIRIT SLOVENIA” агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен ишкердикти, интернационалдаштырууну, чет өлкөлүк инвестицияларды жана технологияларды өнүктүрүү боюнча агенттиктин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
-JalGroup Asia ЖЧК менен DUOL d.o.o. ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Бардык маалыматтарга кайрылуу