Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстан менен Венгриянын Соода-өнөр жай палаталарынын президенттеринин жолугушуулары Венгрияда өттү
Жолугушуу учурунда эки палатанын жетекчилери палаталар ортосундагы кызматташуу жана биргелешкен ишкерлер кеңешинин отурумун өткөрүү маселелерин талкуулашты. Иштиктүү Кеңеш эки өлкөнүн бизнес коомчулугун жакындаштырууга өнөктөштөрдү табууга, түз байланыштарды түзүүгө жана Кыргыз жана Венгрия компанияларынын кызыкчылыктарын алга жылдырууга практикалык жардам көрсөтүүгө салым кошот.
"Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш динамикалуу өнүгүүдө. Кыргызстан Венгрияны "Европага терезе"катары карайт. Эки президенттин жолугушуулары саясий жана экономикалык кызматташтыкка жакшы таасирин тийгизет деп ишенем. Биз, өз кезегинде, бизнести илгерилетүү үчүн күч-аракет жумшашыбыз керек. Венгрияга биз чоң бизнес команда менен келдик. Бул ишмердүүлүктүн ар түрдүү тармактарындагы 60 кыргыз ишкерлеринин өкүлдөрү", - деп белгиледи Темир Сариев.
Палаталардын жетекчилери өлкөнүн экономикасын, бизнеске жардам берууго, кызыкчылыктарын илгерилетүүгө багытталгандыгын белгилешти.
Бардык маалыматтарга кайрылуу