биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Венгриянын Соода-өнөр жай палатасында Кыргыз-Венгер Ишкерлер кеңешинин III отуруму болуп өттү


Отурумга 40тан ашык кыргызстандык жана венгриялык компаниялардын ар түрдүү: фармацевтика, курулуш, текстиль өнөр жайы, айыл чарбасы, туризм тармактарынын өкүлдөрү катышты.
Бизнес-кеңештин ишин Соода-өнөр жай палатасынын президенттери Темир Сариев менен Ласло Парраг жетектеди.
Тараптар кызматташууга болгон өз ара кызыкчылыктарын белгилешти. Венгриялык тарап экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде тоо-кен тармагындагы технология жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.
Кыргызстандык компаниялар айыл чарба техникаларын жана үрөндөрдү жеткирүү боюнча өнөктөштөрдү табууга кызыкдар. Ошондой эле, бир катар ишкерлер фармацевтикалык ишкана ачууга макул болушту. Венгриялык тарап Кыргызстанга технологияны өткөрүп берүүнү, айыл чарба жерлерин сугарууда колдонулуучу дрондорду түзүүнү сунуштады. Венгрия ошондой эле кибер коопсуздук, чек ара аймактарын коргоо үчүн жабдуулар жаатында кызматташууну сунуштайт. Ошондой эле эки тарап айыл чарба тармагында кызматташууга, экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого жана импорттоого кызыкдар.

  

  

Бардык маалыматтарга кайрылуу