Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Венгрияда “Кыргызстан-Венгрия” бизнес-форуму өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты
Форум Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарын көрсөткөн 40 компаниянын катышуусунда өттү. СӨП президенти Темир Сариев «Кыргызстан-Венгрия» бизнес-форумунда сөз сүйлөп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин тарыхы абдан узак экенин белгиледи.
«Республикада 1925-жылдан 1943-жылга чейин иштеген «Интергельпо» кооперативдик кыймылынын Венгриядан келген адистери Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө зор салым кошушту. Өлкөдө абдан популярдуу болгон венгер товарлары – «Икарус» автобустары, венгердик костюмдар, «Глобус» брендинин буюмдары, атактуу «Токай» шараптары, «Гедеон Рихтер» фирмасынын буюмдары биздин эсибизде. Бүгүнкү күндө венгер товарлары Кыргызстандын рыногун багындырууну улантууда. Бирок бизде энергиянын кайра жаралуучу булактары, фармацевтика, машина куруу, текстиль жана тамак-аш өнөр жайы тармагында кызматташуу үчүн пайдаланылбаган чоң потенциал бар», - деди Сариев.
Анын айтымында, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, эки өлкөнүн ишкерлери аны өз ара сооданы өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн активдүү пайдалануусу зарыл.
«Кыргызстан менен Венгриянын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда биргелешкен Ишкерлер кеңеши түзүлүп, жемиштүү иштеп жатат. Белгилей кетсек, 13-февралда Кеңештин 3-жыйыны болуп, анда ишкерлер тажрыйба, биргелешкен ишти жакшыртуу боюнча ой бөлүшүштү. Биздин өндүрүүчүлөр европалык кесиптештери менен сапаты боюнча атаандаша алат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы алардын кызыкчылыктарын жигердүү коргойт», - деп баса белгиледи КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси.
Ал белгилегендей, Венгрия менен Кыргызстандын бизнесинин кызматташуусу өтө маанилүү. Анткени көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасына саясий жана социалдык факторлор барган сайын көбүрөөк таасир этүүдө. Ошондой эле баарыбыздын алдыбызда турган көйгөйлөр туруктуу, тең салмактуу өсүү жана гүлдөп-өнүгүү үчүн макулдашылган аракеттерди талап кылат.




Бардык маалыматтарга кайрылуу