Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстан менен Өзбекстандын Соода-өнөр жай палаталары кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен видеоконференция өткөрүштү.
Күн тартибинде Кыргызстандан тез бузулуучу азыктар үчүн жашыл коридор ачуу, ветеринардык сертификаттарды өз ара таануу жана башка маселелер каралды. Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы 20-21-февраль күндөрү «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунда мониторинг жүргүзүүгө жана тез бузулуучу азыктар үчүн өзүнчө өтмөк ачуунун максатка ылайыктуулугун ырастоого даяр экенин билдирди. Өзбекстан Республикасынын бажы кызматы да Кыргызстандан товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр.
Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандан форель балыгын экспорттоого ар тараптан жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Өзбекстандын аймагына балыктарды тоскоолдуксуз ташып келүүнү камсыздоо үчүн Кыргызстандын балык чарбаларынан бардык сунуштарды чогултуу зарыл. Мындан тышкары, тараптар эки өлкөдө соода үйлөрүн ачууну сүйлөшүп, өзбек текстиль бирикмелери бул кадамды уюштурууга каалоолорун билдиришти.
Видеоконференциянын жыйынтыгында Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палаталары ветеринардык кызматтардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө активдүү көмөк көрсөтүүнү макулдашты. Өзбек тараптын ветеринардык талаптарын кыргыз өндүрүүчүлөрү начар билгендигине байланыштуу, бул маселени иштеп чыгуу керек. Ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары ишкерлерге өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунан жөнөкөйлөтүлгөн түрдө насыя алууга көмөктөшүүгө макулдашты.
Бардык маалыматтарга кайрылуу