биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Грузия менен туризмди инвестициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Ошордой эле, сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын тоо лыжа базаларын жана эс алуу жайларын өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларга инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Иш сапар ири “Doppelmayr” компаниясынын чакыруусу менен болду. "Биздин үйрөнө турган көп нерсебиз бар - Грузия жыл сайын тогуз миллиондон ашык туристти кабыл алып, кирешеси 3,5 миллиард долларды түзөт. Мындай чоң суммадагы кирешени өлкөдө жайгашкан 4 лыжа базасы гана алып келет. Абдан маанилүү жагдай, алардын баары мамлекетке тиешелүү, бирок башкаруу жеке компанияларга өтүп кеткен”,- деди Сариев. Жолугушуунун жыйынтыгында потенциалдуу инвесторлорду Кыргызстандын туристтик потенциалы менен тааныштыруу жана иштеп жаткан объектилерди жакшыртып, натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле туристтер үчүн жаңы аймактарды түзүү боюнча долбоорлорду изилдөө боюнча макулдашуулар түзүлдү.
Сүрөттө – “Допелмайердин” аткаруучу директору Томас Пичлер жана бул ири компаниянын биринчи жетекчиси Валерий Ящин.

  

Бардык маалыматтарга кайрылуу