Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык ишкер айымдарды окутуп, Германияга жөнөтөт
Ишкер айымдардын өкүлдөрү текстиль, косметика, айыл чарба жана эмерек өнөр жайларын тааныштырат. Тренингден кийин бардык катышуучулар Германияга барышат. Ал жактан ишкер айымдар, бизнес-процесстерди башкаруу боюнча тажрыйба алууга жана тренингде алган башкаруу жөндөмдөрүн практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, сапар Германиянын көптөгөн компанияларынан бизнес өнөктөштөрдү табууга мүмкүндүк берет. Тренингдин катышуучуларын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев куттуктады.
"Кайра куруу жылдарында челнок бизнесин баштап, Россиянын шаарларына дээрлик туш келди кеткен аялдар болгон. Аялдардын жүгү оор, бул балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөлүк очокту сактоо гана эмес, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн ийгиликтүү өнүгүүсүнө кошкон салымы экенин баарыбыз эле билебиз. Сиздер үй-бүлөнү эркектер менен бирдей камсыз кылуу жана өлкөгө пайда алып келүү үчүн колдон келген нерселердин баарын жасап жатасыздар. Сиз өз бизнесиңизди ачып, жумуш орундарын түзүп, ийгиликке жетесиз. Бизнесмендин ишин бир аз болсо да жеңилдетүү үчүн СӨП жаңы бизнес өнөктөштөрдү табууга жана заманбап ишкердик сыяктуу татаал дисциплинада жаңы, актуалдуу билимдерди алууга шарттарды түзөт», - деди палата башчысы Темир Сариев.
Окутуу Экономика жана климатты коргоо Федералдык министрлигинин (BMWK) «Германия менен өнөктөштүккө ылайыктуу» менеджерлерди окутуу программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында өтүүдө. Аталган программа Германия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган кызматташуу келишиминин негизинде 2007-жылдан бери КРда иштеп келет. 2022-жылдан бери Программа жаңы форматта ишке ашырылып, катышуучуларга аралаш билим берүүнү сунуштайт: санариптик, бетме-бет форматтардын жана окутуу ыкмаларынын айкалышы. Германияда сайтка барууга жана тармактык байланышка көңүл бурулат. Сурамжылоолорго караганда, германиялык ишкерлер менен болгон байланыштын натыйжасында кыргызстандык ишкерлер 8 миллион еврого жакын келишимдерди түзүүгө жетишкен. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын үч жүздөн ашык ар кыл ишканаларынын жетекчилери стажировкадан өтүштү. Алардын арасында «Куликовский» кондитердик үйүнүн, «Адал Азык» ЖЧКсынын (ТМ Тойбосс), «Евразия Групп KGZ» ЖЧКсынын жана башкалардын өкүлдөрү бар. Тренингдерден кийин ишкерлер инвестиция тартуу менен эле чектелбестен, өндүрүштү кеңейтүү үчүн да жаңы жабдууларды сатып алышты.

Бардык маалыматтарга кайрылуу