Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстанда биринчи жолу Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстанды дүйнөлүк платформаларда татыктуу көрсөтүү керектигин белгиледи.
"Мындай улуттук сувенирлерди биз расмий жолугушууларда көп берип турабыз, бирок биз– калпак, чапан жана башка сувенир, буюмдардын сапатын жана дизайнын жакшыртуубуз керек. Дүйнөлүк рынокто төмөн сорттогу товарларга чыдабай, биздин кол өнөрчүлөр тууралуу сөз кылуу үчүн, биз кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын илгерилетүү үчүн гана эмес, ошондой эле алардын профессионалдык кызыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык рынокто да коргоо үчүн кол өнөрчүлөр ассоциациясын түздүк», - деди Сариев.
Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бирикмесинин курамына «Тумар», «Накта», «Элдик кол өнөрчүлүк союзу», «Кыргыз стили», «Алтын кол Нарын, Алай» жана башка ири бирикмелер кирет. Алардын баары чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштешет. Бирок кол өнөрчүлөрдүн айтымында, дүйнөлүк рынокко чыккан товарлардын сапатын көзөмөлдөө зарыл. Ал эми көзөмөл биргелешип иштегенде гана болот.
«Ушул убакка чейин кол өнөрчүлөрдүн көйгөйлөрү менен бир дагы мамлекеттик орган алектенген эмес. Тилекке каршы, сапаты начар буюмдар жергиликтүү, жада калса эл аралык рынокко чыгып жатат. Ошол эле учурда кээ бир кол өнөрчүлүк цехтери кыргыздын каада-салтын сактабай, улуттук сувенирлерибизди, кийим-кечелерибизди чыгарышат. Башкача айтканда бул арзан баага ээ болуу үчүн бурмаланып жатат. Биз Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, сапатсыз товарларды чыгарбашыбыз керек”, - дейт ассоциациянын мүчөсү Нургүл Артыкбаева.

Бардык маалыматтарга кайрылуу