биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Урматтуу бизнес өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы сиздерди, "EXPO EURASIA - KYRGYSTAN 2023" Эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсүнө чакырат.



Көргөзмөнүн катышуучулары – Кыргызстандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары
Көргөзмөнүн ачылышы: 29-март саат 11:00
Көргөзмөнүн максаты - ички жана тышкы рынокто жогорку сапаттагы ата мекендик жана чет элдик продукцияларды, кызматтарды жайылтуу. Ишканалардын жана Евразиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык, маданий өз ара байланышты өнүктүрүү.
Көргөзмөнүн темасы:
- кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай продукциялары;
- транспорт жана логистика;
- банктар жана камсыздандыруу компаниялары;
- айыл чарба техникасы;
- энергия;
- эмерек;
- бал жана бал азыктары;
- сүт азыктары;
Көргөзмөнүн алкагында сыр фестивалы жана балдын көргөзмөсү («Бал челек 2023») өтөт.
Келүүчүлөр: Бул көргөзмөнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү жана бул максатта адистерди тартуу үчүн максаттуу жарнамалык компанияны жана масштабдуу жарнамаларды борбордук телеканалдарда жана радиолордо, интернетте жүргүзүп жатабыз.
Көргөзмөнүн жалпы аянты 2000 кв.м. Көргөзмө жайы ар бир катышуучу үчүн, ишкананын аталышы жазылган стенд-павильон менен жабдылган. Сиздин өнүмдөрүңүз/кызматыңыз тууралуу маалымат камтылган жарнамалык стендди жайгаштырсаңыз болот.
Катышуучулардын келиши – 28.03.23.
Көргөзмө саат 9:00дөн 18:00гө чейин, 31.03.23 - 16:00 чейин ачык болот.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары: – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы «Кыргызэкспоцентри»
Көргөзмөнүн башкы өнөктөшү: АЮ "Гарант" камсыздандыруу компаниясы
Көргөзмөнүн сыйлыктары: «Алтын медаль» , номинациялар боюнча көргөзмөнүн дипломдору.
Маалыматтык колдоо:
УТРК, НТС, НТВ Кыргызстан, МИР, Радио МИР телеканалдары, социалдык тармактар
Көргөзмөнүн өнөктөштөрү: “Epos” компаниясы
Байланыш маалыматтары: Султанов Нурбек Албанбаевич - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын “Кыргызэкспоборборунун” жетекчиси
Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек ш., көч. Киев, 107
Тел.: (+996 312) 61-01-20, моб. (+996 559) 71-77-77 e-mail: expocentrtpp@gmail.com Website: expo.cci.kg
Ватсап: +996555005675

Бардык маалыматтарга кайрылуу