Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасына жаңы мүчөлөр – курулуш материалдарын чыгарган ата мекендик өндүрүшчүлөр кирет.
Жыйынга республиканын ири ишканаларынын жетекчилери катышып, анда курулуш тармагындагы учурдагы абал жана курулуш материалдарын өндүрүү, камсыздоо, ошондой эле сапаты боюнча түрдүү маселелер талкууланды. Мындан тышкары объекттерди курууда жылуулук жана энергияны үнөмдөө темасына өзгөчө көңүл бурулду.
Эң көп талкууланган маселе, Түркиядагы жер титирөөдөн кийин абдан актуалдуу болуп калган Кыргызстандагы турак-жай жана турак эмес жайларды куруунун сапаты болду. Курулуш нормаларына жана материалдардын сапатына кайдыгер мамиле жасаган курулушчулар тарабынан баанын демпингинен жапа чеккен ак ниет берүүчүлөрдүн жана куруучулардын көйгөйлөрү тууралуу пикирлер айтылды.
Ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөр СӨПгө кошулуп, палатанын активдүү мүчөлөрү боло тургандыгы боюнча келишим түзүлдү. Мындан тышкары, алар консолидацияланган аянтчага жетүү үчүн Соода-өнөр жай палатасынын профилдик комитетине кошулат. Анда актуалдуу маселелерди талкуулоо гана эмес, курулуш бизнесин жана ак ниет катышуучуларды коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө болот.

Бардык маалыматтарга кайрылуу