биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » СӨП башчысы палатанын тарыхында биринчи жолу аймактарга иш сапары менен чыкты


Жыйын 300дөн ашык ишкерлердин катышуусунда өттү. Жолугушууда СӨП башчысы Темир Сариев палатанын ишмердүүлүгү, анын мүмкүнчүлүктөрү жана негизги функциялары тууралуу кеңири айтып берди. Ал жергиликтүү ишкерлерди СӨПгө кирүүгө, ал эми палатага мурдатан мүчө болуп киргендерди активдүү болууга чакырды.
"Дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын бүгүнкү реалдуу шартында ассоциация гана аман калууга жардам берет. Ал эми Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Ассоциацияга интеграциялануу актуалдуу маселелерди чечүүгө жана бизнестин кызыкчылыгын коргоого жардам берет", - деп белгиледи Темир Сариев.
Өз кезегинде бизнесмендер көйгөй, салык системасына болгон дооматтар, тактап айтканда, бирдиктүү товардык-транспорттук кагазга болгон арыздар тууралуу айтышты. Ошону менен катар арзан насыя алуу мүмкүнчүлүгү анча жакшы эместигин билдиришти. Мындан сырткары, жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп өтүштү. Анткени Соода-өнөр жай палатасы иштеп жаткан мезгилде биринчи жолу көчмө жыйындарды өткөрүп жатат. Бул процесстерди жакшыраак түшүнүү үчүн жана бизнес менен мамлекеттин өз ара тыгыз аракеттенүүсү үчүн сөзсүз зарыл.

  

  

Бардык маалыматтарга кайрылуу